Казакстанда 754 адам коронавирсутан айыгып чыкты

Казакстанда 754 адам коронавирсутан айыгып чыкты

Республикада дагы 29 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты деп кабарлады өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги. Ошентип оорудан айыккандардын саны 754кө жетти. Ушул сааттагы маалыматтарга ылайык, республика боюнча 2982 адамдан инфекция аныкталган.

Атап айтканда, Нур-Султан шаарында – 599, Алматы калаасында – 909, Шымкент шаарында – 176, Акмола облусунда – 94, Актөбеде – 61, Алматы облусунда – 101, Атырауда – 128, Чыгыш Казакстанда – 16, Жамбылда – 108, Батыш Казакстанда – 126, Караганды облусунда – 136, Костанайда – 43, Кызылордада – 183, Маңгыстауда – 31, Павлодар облусунда – 120, Түндүк Казакстанда – 30, Түркестанда 121 бейтап аныкталды.

25 адам оорудан көз жумду.

 

Фото: inform.kz