COVID-19: Дүйнө өлкөлөрү обочолонуу режимин жеңилдетүүдө

COVID-19: Дүйнө өлкөлөрү обочолонуу режимин жеңилдетүүдө

Европада коронавирус курмандыктарынын саны азаюуда. Ошондуктан айрым өлкөлөр карантин чараларын жумшартуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу ВВС агенттиги кабарлады.

Италия премьер-министри Джузеппе Конти бугу айынын 4нөн баштап өлкөдөгү кээ бир чектөөлөр акырындык менен алынаарын маалымдады. Анын айтымында, коомдук тамактануучу жайлар ишин жанданта алышат, бирок үйгө жеткирүүгө гана уруксат берилген. Өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик комиссиянын ыкчам штабынан кабарлашкандай, Италия премьер-министри Джузеппе Конте Италия карантин режимин мындан ары узарта албай турганын билдирген. Анткени карантинди узартуу өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.  

Айта кетсек, Италия коронавирустан эң көп жапа чеккен мамлекеттердин катарында. Өлкөдө 26 миңден ашык адам вирустун курмандыгы болуп, 200 миңге жакын адам илдетти жуктуруп алган.

Францияда обочолонуу режими бугу айынын 11нен баштап жеңилдетилет деп күтүлүүдө. Өлкөдө бир суткада 240дан ашык адам инфекциядан көз жумган. Бул көрсөткүч туруктуу түрдө төмөндөп келүүдө.

Испанияда 6 аптага созулган катаал карантин режиминен соң балдардын сыртка чыгып ойноосуна уруксат берилди. Эми алар суткасына бир саат эшикте ээн-эркин жүрө алышат. Бирок оюн аянтчалары жабык түрдө калат.  Жалпысынан, учурда Испания кооптуу вирустун Европадагы негизги очогу болуп саналат. Илдет таралгандан бери аталган өлкөдө 226 миңдей адам инфекцияга кабылса, 23 миңден ашык адам бул дүйнө менен кош айтышкан.

Ал эми Германия тургундары бүгүнтөн баштап беткап тагууга милдеттендирилет. Башкача айтканда, ар бир жаран дүкөнгө баруу үчүн же болбоосо коомдук транспорт менен жүргөндө милдеттүү түрдө беткап тагууга тийиш. Жалпысынан, Германия Европадагы башка мамлекеттерге караганда коронавирус менен ийгиликтүү күрөшүп келүүдө. Соңку маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө аталган өлкөдө 6 миңдей адам көз жумду. Бул Улуу Британия, Испания жана АКШ мамлекеттери менен салыштырганда бир нече эсеге аз.

АКШда өлкөдө ооругандардын саны күн санап көбөйгөнүнө карабастан жума күнү карантин чараларын жумшартуу чечими кабыл алынды. Кошмо Штаттарда COVID-19ду жуктуруу жана андан курман болуу учурлары дүйнөнүн башка мамлекеттерине караганда көбүрөөк. Соңку маалыматтар боюнча, 960 миңге жакын адам коронавирус илдетин жуктурса, 54,4 миң адам көз жумган.

Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 3 миллионго жакындады. Курман болгондордун саны 207 миңге жетти. Вирустан 880 миң бейтап айыгып чыкты.

 

Фото: rbc.ru