Казакстанда коронавирус менен күрөшүүдө жаңы ыкма колдонула баштады

Казакстанда коронавирус менен күрөшүүдө жаңы ыкма колдонула баштады

Мындан кийин илдеттен таза айыккан адамдардын иммундук плазмасы оор абалда жаткан бейтаптарга берилет. Ал аркылуу абалы начарлаган адамдарды оорудан куткарып калуу көздөлгөн. Алгач донорлор эки жолу тест тапшырышат. Жыйынтыгы ойдогудай болсо дароо каттоого алынат.

«Донор каттоодон өткөндөн кийин лаборантка жөнөтүлөт. Лабораториялык көрсөткүчтөрүн тапшырат. Гемоглобин, кан тобу, резус-фактор жана боор көрсөткүчүн тапшырат», - дейт Трансфузиология илимий-өндүрүштүк борборунун бөлүм башчысы Эльмира Көпеева.

Дарыгерлер эң алды менен донордун кан басымын, бою менен салмагын өлчөйт. Кийин кан курамындагы плазманы бөлүп алууга мүмкүндүк берген атайын түзмөккө кошот. Айта кетсек, азыр мындай ыкма дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө колдонулуп жатат. Мисалы, америкалык дарыгер бейтаптардын өмүрүн сактайм деп коронавирус жуктуруп алган. Бирок кийинчерээк айыгып чыккан. Адистер анын организминен антиденелердин барын аныктаган.

«Учурда Нью-Йорк шаарындагы кан борборундамын. Дарыгерлер менден плазма алды. Ал кан курамындагы сары суюктук. Анын ичинде вирусту жеңип кете ала турган антиденелер бар. Анын жардамы менен көп адамдын өмүрүн сактап калууга болот», - анестезиолог дарыгер Зэви Хамбургер.

Кооптуу илдеттин очогу эсептелген Кытайда да ушул ыкма колдонулуп жатат. Иммундук плазманын көмөгү менен бир канча бейтаптын абалы жакшырганы айтылууда.

«COVID-19 вирусун дарылоодо иммундук плазма көп жардамын тийгизди. Бул илдеттен айыккан бейтаптар кан тапшырды. Кийин анын курамында бир нече антидененин бар болгонун аныктадык. Аны натыйжалуу пайдалана билдик», - дейт КЭР саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Го Янхун.

Бир адамдын денесинен алынган плазма үч бейтапты дарылап, айыктырууга жетет. Бирок антиденени вакцина деп кабыл алууга болбойт. Ал болгону - иммунитетти көтөрүүгө, вирус менен күрөшүүгө кошумча күч берген табигый суюктук.

«Бир гана плазманын жардамы менен коронавирус жуктурган адамды дарылап чыгуу мүмкүн эмес. Бул иммунитетти көтөрүүгө, илдет менен күрөшүүгө кошумча күч берген суюктук. Ошондуктан аны вакцина катары кабыл алууга болбойт. Эгерде оор абалда жаткан адамга плазма куйсак анын абалы кыйла жакшырып кетүүсү мүмкүн. Ошентип, курмандыктардын санын азайтууга болот», - дейт Трансфузиология илимий-өндүрүштүк борборунун мүдүрү Сания Абдирахманова.

 

Фото: upravafilipark.ru