Казакстанда дагы 17 адам коронавирустан айыгып чыкты

Казакстанда дагы 17 адам коронавирустан айыгып чыкты

Өлкөдө дагы 17 адам коронавирустан айыкты. Нур-Султан шаарында 3, Атырау облусунда 4, Кызылорда облусунда 5, Караганды облусунда 4, Павлодар облусунда 1 адам айыгып чыккан. Айта кетсек, кооптуу илдетти жеңип чыккандардын катарында 93 жаштагы Нур-Султан шаарынын тургуну менен 82 жаштагы атыраулык аксакал бар. Ошентип, өлкөдөгү коронавирустан айыгып чыккандардын катары 585ге жетип олтурат.  

Акыркы маалыматтар боюнча, COVID-19 илдети 2334 казакстандыктан аныкталды. Кооптуу инфекциядан 23 адам көз жумду.

 

Фото: focus.ua