Казакстанда 536 адам коронавирустан айыгып чыкты

Казакстанда 536 адам коронавирустан айыгып чыкты

Өлкөдө дагы 21 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ошентип, инфекцияны жеңгендердин жалпы саны 536га жетти. 20 адам курман болду.

Ушул сааттагы маалыматтарга ылайык, Казакстанда COVID-19 жуктуруунун 2207 учуру катталган.

Атап айтканда,  Нур-Султан шаарында – 422, Алматыда – 736, Шымкент шаарында – 133, Акмолада – 83, Актөбе облусунда – 34, Алматы облусунда – 65, Атырауда – 82, Чыгыш Казакстанда – 15, Жамбылда – 79, Батыш Казакстанда – 86, Карагандыда – 102, Костанай облусунда – 36, Кызылордада – 158, Маңгыстауда – 19, Павлодарда – 50, Түндүк Казакстанда – 30, Түркестан облусунда 77 бейтап катталды.

 

Фото: inbusiness.kz​