COVID-19 таралуу басаңдады: бир катар өлкө карантин режимин жеңилдетүүдө

COVID-19 таралуу басаңдады: бир катар өлкө карантин режимин жеңилдетүүдө

Дүйнөнүн бир катар мамлекетинде карантиндик чаралар жеңилдетилип, экономика жандана баштады. Чет элдик ЖМКлардын кабарлашынча, мындай чечим Германияда кабыл алынды. Чын курандын 20нан баштап өлкөдө чакан бутиктер, унаа салондор, китеп жана вело дүкөндөр өз ишин кайрадан баштады. Ошондой эле, музейлерди, китепканалар менен архивдерди ачуу пландалган. Эми адамдарга жаныбарлар багында жана ботаникалык бактарда сейилдөөгө болот. Ал эми мектеп окуучулары бугу айынын 4нөн баштап окууларын баштайт.  

Айта кетсек, Джонс Хопкинс университетинин акыркы маалыматтарына ылайык, Германияда коронавирус жуктурган 150 648 адам катталып, 5 315 адам инфекциядан көз жумган.

Францияда да карантиндик чектөөлөр жеңилдетилүүдө. Мисалы, Жаңы Каледонияда бугу айынын 4дө карантин толугу менен алынат. Тургундарга профилактикалык чараларды сактап, мергенчиликке чыгууга жана спорт менен машыгууга уруксат берилди. Өлкөдө COVID-19 диагнозу 157 миң адамда аныкталган, 21 миңден ашык адам курман болду.  

Коронавирустун таралуусу күч алган Испания, Италия жана Австрия өлкөлөрүндө да карантиндик чаралар жеңилдетилет.

Euronewsтун маалыматына ылайык, Италияда кеңсе буюмдарын, жаңы төрөлгөн ымыркайларга арналган товарларды сата турган дүкөндөр кайрадан ачыла баштады. Бүгүнкү күндө өлкөдө 187 миңден ашык адам коронавирус жуктурса, 25 миң адам көз жумган.

Ал эми Испанияда 3 миллион адам жумушка чыкты. Серепчилердин айтымында, өлкөдө коронавирусту жуктуруу учуру азаюуда. 208 миң адамда коронавирус аныкталса, 21 миңден ашык адам бул дүйнө менен кош айтышты.

Австрияда да чектөөлөр алынат. Мамлекетте чакан дүкөндөр ачылды. Бирок чек аралар аяк оона айына чейин жабык болот.

Айта кетсек, Джонс Хопкинс университетинин маалымдашынча, дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны   2 627 630дан ашты, алардын 183 миңден ашыгы көз жумду.

Коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда. Бул өлкөдө 841 556 адам кооптуу вирус менен ооруп жатат. Андан кийин Испания, Италия, Франция, Германия, Улуу Британия, Бельгия, Канада, Нидерланды жана башка мамлекеттер.

 

Жалпысынан COVID-19 дүйнөнүн 200 өлкөсүндө катталган.

 

Фото: svoboda.org​