Казакстан COVID-19 менен күрөшүүдө кан плазмасын колдонот

Казакстан COVID-19 менен күрөшүүдө кан плазмасын колдонот

Коронавирусту жуктургандарды дарылоо үчүн иммундук плазма колдонулат. Бул ооруга чалдыккандардын илдетти тезирээк жеңүүсүнө түрткү бериши мүмкүн. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү буйрукту иштеп чыкты. Документ талдоодон өтүп жатат. Ошондой эле, иммундук плазманы алууга жумшала турган чыгымдар эсептелүүдө. Чын куран айынын15де коронавирусту дарылоонун клиникалык протоколуна өзгөртүү киргизилди.   

«Бул убакытка чейин иммундук плазма азырынча эч кимге куюла элек. Бирок азыркы учурда дарылануунун бул жолун колдонуу боюнча РКнын ССМ иштеп чыгуу жолдорун жүргүзүп жатат», - деди өлкөнүн Башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова.

Айта кетсек, коронавирус менен күрөштө антидене менен плазмалардын пайдасы болорун АКШ жана Орусия моюндап, тажрыйбаны колдонууга алышкан.

 

Фото: kp.ru​