Казакстанда 500дөн ашык адам коронавирустан айыкты

Казакстанда 500дөн ашык адам коронавирустан айыкты

Республикада 505 адам COVID-19 инфекциясынан толугу менен айыгып чыкты. Курман болгондордун саны 19.

Акыркы маалыматтарга ылайык, өлкөдө коронавирус жуктургандардын 2047 учуру катталды.

Атап айтканда, Нур-Султан шаарында - 403 адам, Алматы калаасында – 693, Караганды облусунда - 101, Акмолада - 83, Атырау облусунда - 82, Жамбылда  - 76, Шымкент шаарында - 103, Чыгыш Казакстанда - 11, Алматы облусунда - 62, Актөбеде - 27, Түндүк Казакстанда - 30, Павлодарда - 37, Маңгыстауда - 16, Кызылорда облусунда - 151, Батыш Казакстанда - 72, Түркестанда - 66, Костанай облусунда - 34 адам катталды.

 

Фото: utro.ru