Вакцина тууралуу чындык: Кытайдагы сыноого катышкан ыктыярчы өзүн кандай сезүүдө?

Вакцина тууралуу чындык: Кытайдагы сыноого катышкан ыктыярчы өзүн кандай сезүүдө?

Кытайда COVID-19га каршы үч вакцинанын клиникалык сыноосу жүрүп жатат. Чын куран айынын башында анын биринчи этабы аяктады. Ага Ухандан 108 ыктыярчы катышты. Дарыны сынап көргөндөрдүн бири - марафончу Жэнь Чао. Ал вакцинацияга ыктыярчыларды чогултуу тууралуу кабарды угаары менен бир мүнөт да ойлонбостон макулдук бергенин айтат. Ошентип, туулган шаары менен мекенине колунан келишинче жардамдашкысы келген.

Спортчу обочолонууда өткөргөн эки аптанын ичинде вакцинанын эч кандай терс таасирин сезген эмес. Социалдык тармактарда анын зыяны тууралуу коркунучтуу роликтерди көргөндөн кийин жеке блог жүрүгүзүүнү чечкен.

«Ал роликтер коркунучтуу музыка менен берилип жатты. Анда вакцина алган ыктыярчылардын башы айланып ооруганы, катуу алсырай турганы айтылган. Учурда ал ыктыярчылардын бардыгы аман-эсен.  Албетте, андай роликти көргөн адамдардын корко турганы анык. Пандемия өрчүп турган күндө андан бетер үрөй учурат. Ошондуктан чындыкты айтуу керек деп чечтим», - дейт Жэнь Чао.

Вакцинанын адамга клиникалык сыноосунун катышуучусу учурда Ухань университетинин күзөт кызматындагы ишин улантууда. Өкүнүчтүү жери, коронавирус кесепетинен машыгууга мүмкүнчүлүгү жок. Чын куран айынын 12не белгиленген марафон да өтпөй калды. Бирок марафончу адамзат кооптуу инфекцияны жеңип чыга турган күн алыс эмес экенине ишеним артат.