COVID-19 дүйнөдө: Эл карантинге каршы митингге чыга баштады

COVID-19 дүйнөдө: Эл карантинге каршы митингге чыга баштады

Дүйнөдө коронавирустун таралуусу басылчудай эмес. COVID-19ду жуктургандардын саны 2,5 миллион адамга жетти. Көптөгөн мамлекеттерде карантин киргизилгенине карабастан бейтаптардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө.

Бүгүнкү күндө оору жуктургандар менен андан көз жумгандардын көрсөткүчү боюнча АКШ көч баштап келе жатат. COVID-19ду жуктургандардын саны 800 миңге жакындап, 41 миңден ашык адам көз жумду. Ал эми өлкө эли пандемия менен күрөшүү үчүн жарыяланган карантиндик чаралардан чарчады. Американын кээ бир штатында тургундар обочолонуу режимин жеңилдетүүнү талап кылууда. Алар ишке чыгууга даяр. Мисалы, Вашингтондо 2,5 миңге жакын адам Капитолий имаратынын жанына митингге чыкты. Нааразычылык билдирүүчүлөр өз транспорттору менен бардык штаттан келишкен. Алар парламент имаратынын жанындагы борбордук көчөнү ээлеп алышты. Айта кетсек, мындай митингдер буга чейин Мичиган, Кентукки жана Юта штаттарында өткөн. Обочолонууну токтотууну талап кылгандар коронавирус жуктургандар менен андан курман болгондор санынын кескин өсүп жатканынан да коркушпайт.

Блиц:

- Жергиликтүү бийлик бул чечимдери менен экономикага зыян келтирип жатат. Вашингтон штатында дээрлик бардык ишканалар жабык. Өкүнүчтүү.

- Баарыбыз уйкуда жаткандай сыяктуубуз. Эмнеге жумушка барууга болбойт. Беткап менен колкап кийип, аралыкты жана бардык коргонуу чараларын сактап, иштөөгө кантип болбосун.

- Эң башкысы күчтүү иммундук система болсо оорубайсың. Мен жакшылап тамактанам. Витаминдерди ичип, өзүмө кам көрөм. Жумушка баруу үчүн эркиндик болушун каалайм.

Бразилия эли да Жогорку Сот менен Конгресске каршы чыгып, нааразычылыктарын билдиришүүдө. Алардын пикиринде бул институттар мамлекет сунуштаган чектөөлөрдү колдоду.

Айта кетсек, мындай митингдер дүйнөнүн башка мамлекеттеринде да орун алууда. Коңшулаш Орусия мамлекетинде Түндүк Осетия тургундары карантинге каршылык билдирүүдө.

Ал эми коронавирус жуктургандардын саны боюнча экинчи орунга жакындаган Испания эли карантинди бекем сактап жатат. Бул оң натыйжа берүүдө: акыркы суткада илдеттен көз жүмгандардын саны бир айдагы эң төмөн көрсөткүчтү түзгөн. Reutersтин маалымдашынча, Испанияда 24 саатта вирустан 410 адам көз жумган. Бул чын курандын 2деги абалга караганда эки эсе аз. Ал эми пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруу учурлары 200 миңден ашып кеткен. Айта кетсек, Испания күн сайын инфекцияны аныктоо максатында 40 миңге жакын тест жасоодо. Бул Европа өлкөлөрүндөгү эң догорку көрсөткүч. 

Айта кетсек, Европада 1,12 миллион адам коронавирус жуктурган. Джонс Хопкинс университетинин маалымдашынча, Италияда илдет 180 миңден ашык адамда аныкталды. Францияда 156 миңден ашык учур. Бешинчи орунда Германия. Бул өлкөдө 147 миңден ашык адамда  COVID-19 ырасталды.

Илдет очогу Кытайда коронавирус жуктурган 84200 адам аныкталды. Сутка ичинде 11 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бирок курман болгондор жок. Айта кетсек, учурда вируска каршы вакцина табыла элек. Дүйнө жүзүндө 30дан ашык лаборатория аны иштеп чыгууга аракет көрүүдө.

 

Фото: dw.com