Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1949га жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1949га жетти

Казакстанда дагы 97 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Анын ичинде Костанай облусунда 4, Алматы калаасында 62, Жамбыл облусунда 4, Батыш Казакстан облусунда 4, Чыгыш Казакстанда 3, Шымкент шаарында 2, Түркестанда 5, Нур-Сүлтанда 4, Кызылордада 2, Караганды облусунда 6.

Ушул саатта Алматы шаары илдет жуктургандардын саны боюнча алдыда - 668 адамда коронавирус катталды. Нур-Султан шаары боюнча 390 адам, Кызылорда облусунда – 151, Карагандыда – 99, Шымкент шаарында - 92, Акмолада - 82, Атырау облусунда - 80, Батыш Казакстанда - 68, Түркестанда - 65, Жамбыл облусунда - 65, Алматы облусунда - 50, Павлодарда - 33, Түндүк Казакстанда - 30, Актөбе облусунда - 27, Костанайда - 25, Маңгыстау облусунда - 13, Чыгыш Казакстанда - 11, жалпысынан 1949 бейтап катталды.

Айыгып чыккандар – 447, курман болгондор – 19 адам.

 

Фото: iz.ru