Нур-Султан шаарындагы инфекциялык оорукананын курулушу аяктады

Нур-Султан шаарындагы инфекциялык оорукананын курулушу аяктады

Борбордо коронавирус инфекциясын жуктургандарды дарылоого арналган жугуштуу оорулар бейтапканасынын курулушу аяктады. Бул тууралуу курулуш компаниясынын башчысы Айдын Рахымбаев Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, палаталар толугу менен жабдыкталган. Башкы бөдрөтчү жаңыдан салынган дарылоо мекемесинин терапия жана өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттары орнотулган палаталарын видеого түшүрүп, көпчүлүккө жарыялады.

«Жакынкы күндөрү медицина кызматкерлери менен аппараттарды иреттеп госпиталды колдонууга беребиз. Медицина кызматкерлери коопсуз технологияларга абдан ыраазы болушту. Эми алардын илдетти жуктуруп алуу коркунучу жок», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, алдыдагы күндөрдө 280 орунга ылайыкталган Алматы шаарындагы инфекциялык оорукананын да курулушу аяктап, колдонууга бериле турганы айтылган.

 

Фото: neonomad.kz