COVID-19: Европа өлкөлөрүндө өзүн өзү обочолоо режими жеңилдетилүүдө

COVID-19:  Европа өлкөлөрүндө өзүн өзү обочолоо режими жеңилдетилүүдө

Францияда бугу айынын 11нен баштап мектептер кайрадан ачылып, соода жайлары өз ишин баштайт. Ал эми коомдук тамактануу жайларын ачууга азырынча уруксат жок. Өлкөдө илдеттин жайылуусу азайганы менен коргонуу чараларын сактоо бардыгына жалпы милдет катарында кала берет. Бийлик нормалдуу жашоого этап-этап менен өтүүнү пландоодо. Францияда оорунун жогорку чеги жалган куран айынын аягында өттү. Андан бери бейтаптардын саны туруктуу түрдө төмөндөп келүүдө. Бийлик бул фактыны негизге алып, обочолонуудан чыгууга болот деген чечимге келген.

ОЛИВЬЕ ВЕРАН, ФРАНЦИЯНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРИ:

– Карантинден кийин да оорунун белгиси байкалган жарандардан тест алуу иши уланат. Бейтаптар менен байланышта болгон адамдар да ушундай текшерүүдөн өтөт.

Карантинден кийин да тойкана, кафе, кинотеатрлар менен музейлер жабык болот. Келүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылган соода жайларынын иштөөсүнө уруксат берилет. Адистер жашы улуу адамдарга азырынча үйдө отурууга кеңеш берет.

Айта кетсек, өлкөдө бир суткада COVID-19 илдетинен 395 адам курман болгон. Дагы 785 бейтапта коронавирус инфекциясы аныкталган. Жалпысынан 19718 адам вирустун курмандыгы болду.

Улуу Британияда да инфекция санынын өсүшү интенсивдүү түрдө турукташкан. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтү кабарлады. Өткөн суткада 596 адам көз жумду. Жалпысынан 16060 адам коронавирустан улам каза тапты.

Ал эми Италияда обочолонуу режимин алып салуу тууралуу чечим пикир келишпестикти пайда кылды. Талаш-тартыш карантинден чыгуу чечими улуттук же аймактык деңгээлде кабыл алынуусу керекпи деген маселеге байланыштуу пайда болгон. Бүгүн атайын комиссия өкүлдөрү өлкөдө карантинди алып салууга даярдык көрүү боюнча баяндама жасайт. Деген менен аткаминерлердин басымдуу бөлүгү карантин режимин бугу айынын 3нө чейин узартууну колдоп жатышат.

Айта кетсек, Италияда жекшемби күнү үч миңден ашык адамда вирус аныкталып, 433 адам көз жумган. Жалпысынан өлкөдө пандемия башталгандан бери 23660 адам көз жумду.

Испанияда жалпы карантиндик чаралар бугу айынын 9на чейин узартылды. Ошондой эле, өткөн аптада обочолонуу режими жеңилдетилгени тууралуу чечим кабыл алынган. Өкмөт карантинди ар кайсы аймактарда акырындык менен жоюуну караштырып жатат.

«Балдардын үйдөн чыгуусуна салынган чектөөлөрдүн бир бөлүгүн алып салабыз. Алар чын курандын 27нен баштап эшикке чыга алышат», - деди премьер-министр Педро Санчес.

Испанияда өткөн суткада 410 адам курман болду. Ал эми бир күн мурун бул көрсөткүч 482ге жеткен.

Дүйнөгө жайылган аты жаман илдеттен АКШ ушул күнгө чейин жапа чегүүдө. Америкада пандемия башталгандан бери 770 миң COVID-19дун учуру аныкталган. Кооптуу инфекциядан 41 миң адам курман болду.

Айта кетсек, Johns Hopkins University (JHU) билдирген маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 2,3 миллиондон ашты.. Курман болгондордун саны 164 миңге жетти. Вирустан 615 миң бейтап айыгып чыкты.

 

Фото: ria.ru