COVID-19: республикада 1735 адам илдетти жуктурду

COVID-19: республикада 1735 адам илдетти жуктурду

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев казакстандыктардан карантиндик режим талаптарын сактоону суранды. Ал өзүнүн Твиттердеги баракчасында илдет  жогорку чекке жете электигин белгиледи.

«Өлкөдө COVID-19ду жуктургандардын саны көбөйүүдө, бирок геометриялык прогрессия менен эмес. Бул  өз убагында кабыл алынган чечимдердин натыйжасы экени анык. Бирок илдет азырынча эң жогорку чегине жете элек», - деди Касым-Жомарт Токаев.

Ошондой эле, Президент дарыгерлерге, аскер кызматчылар менен ыктыярчыларга ыраазычылыгын билдирип, алардын коопсуздугуна өзгөчө маани берүү керектигин айтты.

«Жарандарыбыздан карантинди сактоону суранам. Дарыгерлерге, полицияга, аскер кызматчыларына, ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем. Алардын коопсуздугуна өзгөчө маани берүү керек», - деди Мамлекет башчысы.

Айта кетсек, өлкөдө коронавирус инфекциясын дагы 24 адам жуктурган. Анын ичинде, Кызылорда облусу 1, Нур-Султан шаары 9, Алматы 1, Шымкент калаасы 4, Батыш Казакстан 1, Павлодар облусу 4, Костанай облусу 4. Жалпысынан Казакстан боюнча 1735 адам кооптуу илдетти жуктуруп алган. Айыгып, чыккандардын саны 401.

Ошондой эле, Алматы шаарында 2 адам коронавирус инфекциясынан көз жумду. Ал эми жалпысынан 19 бейтап вирустун курмандыгы болду.

 

Фото: pv.uz