COVID-19: дүйнөдөгү абал кандай?

COVID-19: дүйнөдөгү абал кандай?

Джонс Хопкинс университетинин соңку маалыматтарына ылайык, дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 2 182 197 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери, дүйнөнүн 185 өлкөсүндө 145 миңден ашык адам курман болуп, 547 миңден ашыгы айыгып чыкты.

COVID-19 диаонозу эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Мында 671 миң учур аныкталган. Айта кетсек, Кошмо Штаттар карантинден чыгуу мезгилин үчкө бөлгөн. Анын ар бири кеминде 14 күнгө созуламакчы.

Кыйын кырдаалга туш болгон мамлекеттердин тизмесинде Испания, Италия, Германия, Улуу Британия жана Франция бар. Бешинчи республикада бир суткада коронавирус жуктурган 17 миңден ашык адам аныкталган. Ошентип, бейтаптардын саны 165 миңге жеткен.

Улуу Британияда да абал көңүл жылытаарлык эмес. Бул жерде COVID-19 вирусунун күч алуусуна байланыштуу обочолонуу режими дагы 3 аптага узартылды. Өлкөдө 103 миңден ашык адамда коронавирус диагнозу аныкталган. 13,5 миң адам курман болду. Ал эми 1559 бейтаптын абалы оор. Деген менен Бириккен Королдук айыгып чыккан адамдардын конкреттүү саны тууралуу маалыматты азырынча жарыялай элек.  

Ал эми Германия илдетти «көзөмөлдөөгө» алганын кабарлады. Бүгүнкү күндө аталган мамлекетте 137 миңден ашык адамда коронавирус аныкталган. Инфекциядан 4 миңден ашык адам көз жумуп, 77 миң адам айыгып чыкты.

Фото: gazeta.ru