Казакстанда 285 адам коронавирустан айыгып чыкты

Казакстанда 285 адам коронавирустан айыгып чыкты

Өлкөдө дагы 8 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты деп кабарлайт КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги. Маалыматка ылайык, Кызылорда облусунда 7 адам, Түркестан облусунда 1 адам дарыланып чыккан. Ошентип алардын жалпы саны 285ке жетти.

Республика боюнча бүгүнкү күндө 1480 адамда COVID-19 диагнозу аныкталган. 17 казакстандык вирустун айынан бул дүйнө менен кош айтышты.

 

Фото: assembly.kz