БУУ: COVID-19 пандемиясынан жүздөгөн миң баладан айрылуубуз мүмкүн

БУУ: COVID-19 пандемиясынан жүздөгөн миң баладан айрылуубуз мүмкүн

Жаңы коронавирус илдети балдарга караганда чоңдор үчүн кооптуу. Деген менен өспүрүм урпакка жагымсыз таасири  аябагандай чоң. Бул тууралуу БУУнун баяндамасында айтылат. Эл аралык уюм серепчилеринин баамдосунда, пандемиянын социалдык-экономикалык тармактары узакка созулушу сезилүүдө. Быйыл жүздөгөн миң бала курман болушу ыктымал.

Балдардын курман болуу учурларынын саны акыркы үч жылдагы балдардын өлүмдөрүнө каршы күрөштөгү жетишкендикттерди жокко чыгаруу менен жүздөгөн миң адамга өсөт.

«Учурда маселе башка факторлордо да болуп жатат. Мисалы 143 өлкөдөгү 368,5 миллион бала эртең менен тамагын мектептен ичет, азыр алардын көпчүлүгү керектүү тамак менен камсыздалбай жатат», - деп айтылат баяндамада.

Мындан тышкары, балдар обочолонуу режимине чыдабайт, бул алардын психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Айрыкча, обочолоо борборлорунда калган бозгундар менен мигранттардын балдары өзгөчө аялуу болуп саналат.

Серепчилердин болжолунда, быйыл 42-66 миллион бала жакырчылыктын азабын тартуусу мүмкүн. 188 өлкөдөгү 1,5 миллиард балакатка толо электер менен жаштар өкүлдөрү билим берүү мекемелерине барбайт. Мамлекеттердин үчтөн экиси аралыктан окууну киргизди. Бирок бардык өлкөдө мындай мүмкүнчүлүк жок. Серепчилер мажбурлап эс алдыруу балдардын өнүгүүсүнө кандай таасир этерин көзөмөлдөөнү азырынча колго ала элек.

«Баяндама авторлордун жыйынтыгы күмөн жаратпайт. Балдарды мындай коркунучтардан коргоо үчүн биз азыртан баштап чара көрүшүбүз керек», - дейт БУУ баш катчысы Антониу Гутерриш документти тааныштыруунун жүрүшүндө.

 

Фото: yandex.ru