КРнын ССМ: Казакстанда коронавирус эпидемиясы эң жогорку чегине жетти

КРнын ССМ: Казакстанда коронавирус эпидемиясы эң жогорку чегине жетти

Казакстанда коронавирустан айыккандардын саны 240ка жетти, 16 адам курман болду. Ал эми инфекцияны 1295 адам жуктурганы аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ишенсек, өлкөдө коронавирус илдети эң жогорку чегине жетти. Учурда медициналык кызматкерлер, эпидемияга каршы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Башкача айтканда, бардык ооруканада ар бир бейтапка вирус жуккан адам катары мамиле жасалат.

ЛЯЗЗАТ АКТАЕВА, КР ССМ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Башкача айтканда, учурда өлкөдө 100 миң адамга 7 бейтаптан туура келүүдө. Буга байланыштуу карантинден башка, калктуу-конуштарда ишин токтотпогон, инфекция жуктуруу кооптуулугу жогору адамдарга масштабдуу текшерүү башталды. Бул тестирлөө чын курандын 10унан, 20на чейин жигердүү түрдө жүргүзүлөт.

Айта кетсек, азыр тестирлөө 19 лабораторияда жүргүзүлүп жатат. Алардын кубаты - суткасына алты миң сынамага жетет.

 

Фото: inform.kz