Коронавирусту толугу менен жеңген өлкө аныкталды

Коронавирусту толугу менен жеңген өлкө аныкталды

Дүйнөнү каптаган COVID-19ду Гренландия өлкөсү толугу менен жеңип чыкты. Бул тууралуу Worldometer маалыматтарынан көрүүгө болот.

Дания курамындагы автономия болуп эсептелген аралдын Нуук шаарында коронавирус инфекциясы биринчи жолу жалган куран айынын жарымында  аныкталып, чын курандын башына чейин уланган. Ал эми чын курандын 4нөн баштап ушул күнгө чейин Гренландия аралында бир дагы вирусту жуктуруу учуру катталган эмес. Буга байланыштуу Премьер-министр Ким Кильсе бийлик коронавирус илдетине карата өлкөдө киргизилген карантин тартибин жеңилдетүүгө өтө турганын кабарлады.

 

Фото: rbc.ua