Коронавирустан дагы бир бейтап көз жумду

Коронавирустан дагы бир бейтап көз жумду

Костанай облусунда коронавирус илдетинен бир бейтап көз жумду. Ал 1945-жылы туулган деп кабарлады Мамлекеттик комиссиянын ыкчам штабы. Ошентип, кооптуу илдеттен каза болгондордун саны 15ке жетти. Ошондой эле, инфекцияны жуктургандардын саны көбөйүүдө.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Алматы шаарында коронавирус инфекциясын жуктурган дагы 6 адам катталды. Ошентип, COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 1267ге жетти.

 

Фото: atr.ua