COVID-19 пандемиясын вакцинасыз токтотуу мүмкүн эмес

COVID-19 пандемиясын вакцинасыз токтотуу мүмкүн эмес

COVID-19 пандемиясын вакцинасыз токтотуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адан Гебреисус билдирди. Анын айтымында, коронавирус чочко тумоосунан он эсе кооптуу. Чочко тумоосу 2009-жылдын үчтүн айынан 2010-жылдын баш оона айына чейин созулган жана вирусту 1,6 адам жуктурган. Бул убакыт аралыгында 18449 өлүм учуру катталган. Ал эми коронавирус Кытайда 2019-жылдын бештин айынын аягында пайда болуп, азыркы учурда бул вирусту эки миллионго жакын адам жуктурду.  Уюм башчысынын маалыматында, учурдагы пандемиянын курмандыктарынын көрсөткүчү чочко тумоосу мезгилинен он эсе көп. Чочко тумоосунан 18,4 миң адам көз жумган. Ал эми COVID-19 вирусу азыркы учурда 120 миңге жакын адамдын өмүрүн алды. Ошол себептен вакцинанын пайда болушу абдан маанилүү, - деди Тедрос Адан Гебреисус.

Ал эми коронавирус пайда болгон Кытайда бийлик өкүлдөрү COVID-19 вирусуна каршы активтештирилген вакцинаны клиникалык сынактан өткөрүүгө уруксат берди. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарлашынча, бул клиникалык сынактардан  өтүп жаткан өлкөдөгү экинчи жана дүйнөдөгү үчүнчү вакцина.

Фото: rbc.ru