Короновирус катталбаган дүйнө өлкөлөрү

Короновирус катталбаган дүйнө өлкөлөрү

2019-жылдын бештин айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон коронавирус дээрлик дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө тарады. Азыркы убакта 185 мамлекеттин аймагында кооптуу илдет аныкталды. Бирок аталган инфекциядан оолак мамлекеттер да бар деп кабарлайт «AJ» эл аралык телекомпаниясы. Европаны толугу менен каптаган пандемия Азиянын үч өлкөсүндө аныктала элек. Түркмөнстан COVID-19га кирбеген Казакстан менен чек аралаш болгон жалгыз мамлекет. Ошондой эле, Тажикстанда да коронавирус бар деген расмий маалымат жок.

Чыгыш Азия региондорунда инфекция катталбаган дагы бир өлкө Түндүк Корея. Африка материгинин бир нече мамлекеттеринде да коронавирус жуктуруу учуру катталган жок. Атап айтканда, Сан-Томе жана Принсипи, Лесото, Комор аралдары сыяктуу чакан өлкөлөргө кооптуу илдет жологон эмес.

Тынч океандын жээгиндеги бир катар өлкөлөр да дүйнөдө күч алган коронавирустан аман-эсен. Андагы кооптуу инфекция жукпаган өлкөлөрдүн тизмесине, Туавалу, Соломон аралдары, Маршалл аралдары, Палау, Науру, Кирибати, Самао жана Микронезия мамлекеттери кирген.

 

Фото: webplus.info