Азия өнүктүрүү банкы коронавирус менен күрөшүүгө 20 миллиард доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы коронавирус менен күрөшүүгө 20 миллиард доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы пандемияга каршы күрөшүүгө арналган каржылык колдоону 3 эсеге көбөйттү. Эл аралык каржы институтунун расмий маалыматына ылайык, мүчө өлкөлөргө кооптуу илдет менен күрөшүүгө багытталган баштапкы 6,5 миллиард долларды 20 миллиард долларга чейин көбөйттү. Бул каржы негизинен өзгөчө кырдаалдын макро экономикалык кесепеттерин алдын алууга жумшалат. Анын 2,5 миллиард доллардан ашыгы жеңилдетилген кепилдик фонддун үлүшүнө тиешелүү болот.

Ал эми 13 миллиард доллар мүчө мамлекеттерге коронавирус менен күрөшүүгө арналган натыйжалуу программаларды түзүүгө жумшалат деп мерчемделген. Кепилдик фонд, медициналык жабдыктар менен коргонуу каражаттары жана ыкчам камсыз кылуу үчүн сатып алуу булактарын кеңейтүүнү көздөйт. Ошондой эле, 2 миллиард доллар жеке секторду колдоо үчүн каралып жатат. Насыялар менен кепилдендирүү  механизмдери пандемиядан жапа чеккен түрдүү каржы уюмдарына соода желелери менен жеткирүү багыттарын калыбына келтирүү үчүн берилет. Айта кетсек, Азия өнүктүрүү банкынын болжолуна ылайык, 2020-жылы аймактык ички өнүмдүн өсүшү 5,2%дан  2,2%га чейин төмөндөйт деп күтүлүүдү.

 

Фото: mercury.services