Казакстанда 211 медициналык кызматкер коронавирус жуктурган

Казакстанда 211 медициналык кызматкер коронавирус жуктурган

Казакстандын 13 аймагында 211 дарыгер коронавирус жуктуруп алган. Бул өлкөдөгү аталган инфекцияга чалдыккандардын жалпы санынын 20,5%, деп маалымдады КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин товарлар менен кызматтардын сапаты  коопсуздугун көзөмөлдөө комитетинин төрайымы Людмила Бюрабекова. Анын айтымында, медициналык кызматкерлер арасында оору жуктуруунун эң жогорку көрсөткүчү Нур-Султан, Алматы шаарларында, Түндүк Казакстан жана Атырау облустарында. Инфекцияга чалдыгуунун 74 абалы бейтаптарга жардам көрсөтүүчү тармактык кызматкерлердин арасында катталган.

«Нур-Султан шаарындагы карантин борборунда 20 адам, Караганды облусундагы провизордук стационарда 10, Түндүк Казакстан, Батыш Казакстан жана Түркестан облустарында 10, инфекциялык оорукаларда 44, Алматы 28, Нур-Султанда 9, Атырауда 4, Караганды, Кызылорда облустарында бирден учурлар катталды», - деди Л.Бюрабекова. 

Мекеме өкүлү коронавирус инфекциясына байланыштуу өлкөдөгү абал тууралуу кабарлады.

«Азыркы убакта Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун 979 учуру катталган. Анын ичинде 110 адам айыгып чыкты. 21 бейтаптын абалы оор. 12 адамдын өлүмү катталды. Орточо эсеп менен алганда күнүмдүк өсүү 9,9% деңгээлинде. Өткөн суткада Казакстан боюнча оору жуктуруунун 86 учуру катталды. Өсүү көрсөткүчү 9,9%. Анын ичинде Нур-Султан шаарында 20. Алматы шаарында 28», - деп билдирли Л.Бюрабекова.

 

Фото: tengrinews.kz​