Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 973кө жетти

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 973кө жетти

Караганды облусунда коронавирус инфекциясын жуктурган дагы 11 адам катталды. Чыгыш Казакстан облусунда илдет көз жумган адамдан аныкталган.

Ошентип, өлкө боюнча 973 адам кооптуу илдетти жуктуруп алды.

Нур-Султанда 253, Алматыда 172, Шымкентте – 38, Кызылорда облусунда – 119, Акмолада – 71, Карагандыда – 76, Атырау облусунда – 59, Жамбылда – 46, Түркистанда – 43, Түндүк Казакстанда – 25, Алматы облусунда – 21, Актөбеде  – 11, Маңгыстоодо – 10, Павлодар облусунда – 10, Батыш Казакстанда – 9, Чыгыш Казакстанда – 7, Костанай облусунда – 3. 

Ошондой эле 99 адам вирустан айыгып чыкты, 11 адам көз жумду.

 

Фото: ria.ru