Нур-Султан менен Алматыда коронаиируска акысыз тест тапшырууга болот

Нур-Султан менен Алматыда коронаиируска акысыз тест тапшырууга болот

Чын курандын 13нөн баштап Нур-Султан менен Алматы шаарларында коронавируска акысыз тест тапшырууга болот. Бул тууралуу мамлекеттик комиссиянын ыкчам штабы билдирди.

Талдоодон өтүү үчүн бейтап www.cdl.kz сайтында анкета толтуруусу керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин эпидемиологтору  анализ тапшыруусу тийиш адамдарды эпидемиологиялык аныктама негизинде тандайт. Тизмеде бекитилген бейтапка байланыш борборунун оператору чалып, кайсыл жерге канчада келиш керектигин айтат. Тест жасала турган лабораторияга медициналык беткап кийип, өздүк документти ала келүү керек. Текшерүүнүн жыйынтыгы анкетада көрсөтүлгөн почтага жиберилет.

 

Фото: express-k.kz