Нур-Султан шаарында дезинфекциялык комплекстер орнотулат

Нур-Султан шаарында дезинфекциялык комплекстер орнотулат

Борбордо он дезинфекциялык комплекс орнотулат. Бул тууралуу Борбор акимчилигинин расмий сайтында жарыяланды.

Зыянсыздандыргыч коридорлор башкы шаардын медициналык мекемелери менен адамдар көп чогулган коомдук жайларга коюлат. Алгачкы иштер башталды дешет адистер. Эң биринчи дезинфекциялык өтмөк Нур-Султан шаардык №3 ар түрдүү балдар ооруканасына орнотулат.

«Комплекс буу генератору аркылуу иштейт. Буу чыгара турган атайын кыймылдаткычтары бар. Дезинфекциялык суу кошулган учурда эритмеден өткөн адамды толук зыянсыздандырууга жетет. Медицина кызматкерлери бул коридордон эки жолу өтөт. Жумушка келгенде жана кайткан кезде пайдаланылат», - дейт оорукананын мүдүрү Иран Шаметеков.

 

Фото: tengrinews.kz​