Кытайдан келген дарыгерлер 2 апта бою кеңеш берип, көмөк көрсөтөт

Кытайдан келген дарыгерлер 2 апта бою кеңеш берип, көмөк көрсөтөт

Кытайдан келген 10 дарыгер Нур-Султан, Алматы жана Караганды шаарларында иштешет. Чет элдик адистер жергиликтүү кесиптештери менен кооптуу илдеттин алдын алып, дарылоого байланыштуу тажрыйбалары менен бөлүшүп, 2 апта бою консультациялык-ыкмалык көмөк көрсөтүшөт.

КАМАЛЖАН НАДЫРОВ, КРНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

-Бизде азыр айыгып чыккандар менен катар, абалы оор бейтаптар да бар. Бир нече адам өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. Ошондуктан Кытайдын дарыгерлери менен акылдаша турган маселе көп. Өзүбүз топтогон тажрыйба менен да бөлүшө алабыз. Алардын кеңешине да кулак түрөбүз. Даигностика менен дарылоонун бекитилген атайын протоколу бар. Ошол боюнча иш алып барабыз.

Дарыгерлер Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук районунан келишкен. Алар аталган өлкөдөгү медициналык мекемелердин алдыңкы адистери. Кооптуу илдет менен күрөш учурунда мол тажрыйба топтогон.

ЛУ ЧЖЕН, ДАРЫГЕР /КЫТАЙ/:

 – Биз Казакстанга толук даярдык менен келдик. Инфекция жуктурган адамдарды дарылоо ыкмалары менен бөлүшөбүз. Келген дарыгерлердин бейтаптарды дарылоо тажрыйбасы бар. Ошондой эле, гуманитардык жардам катары беткап менен атайын коргонуу кийимдерин ала келдик. Казакстандык адистер менен биргелешип иштешип, ортодогу кызматташтыкты бекемдейбиз деп ойлойбуз.

 

Фото: azattyq-ruhy.kz