COVID-19: Казакстанда илдеттен 9 адам көз жумду

COVID-19: Казакстанда илдеттен 9 адам көз жумду

Казакстанда дагы эки эки адам коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы учурда республикада кооптуу инфекциядан көз жумгандардын жалпы саны 9га жетти.

Адам өмүрүн алган учур Павлодарда катталды. Ал 84 жаштагы жергиликтүү тургун. Дарыгерлердин айтымында, каза болгон адам өпкө менен жүрөк ооруларынын оор түрү боюнча каттоодо турган. Ал бейтаптын абалын оорлоштуруп жиберген.

COVID-19дун экинчи курмандыгы Алматыда катталды. Каза болгон бейтап 63 жашта болгон.

Акыркы маалыматтарга ылайык республикада коронавирус жуктургандардын жалпы саны 802ни түздү. Анын ичинен 60 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

 

Фото: aa.com.tr