55 казакстандык коронавирустан айыкты

55 казакстандык коронавирустан айыкты

Казакстанда 55 бейтап коронавирустан айыкты. Бардык бейтаптар ооруканадан чыгарылды, бирок алар эки жума бою милдеттү түрдө үй карантининде болушат.

Бүгүнкү күндө өлкөдө коопту илдетти жуктурган 764 учур катталды. Алардын көпчүлүгү Нур-Султан шаарына туура келет - 223 учур. Экинчи орунда Алматы. Ал жакта 121 адам ооруга чалдыкты. Коронавирус жуктурган 92 учур менен үчүнчү орунда Кызылорда облусу турат.

 

Фото: gazeta.ru