Коронавирусту эки суткада ооздуктай турган дары табылды

Коронавирусту эки суткада ооздуктай турган дары табылды

Мителердин алдын алууга багытталган ивермектин - вируска каршы күчү бар жана клеткаларынын көбөйүүсүн 48 саатка чейин басууга жөндөмдүү. Мындай маанилүү болжолду австралиялык Монаш университети жана Мельбурндагы Королдук оорукананын адистери иштеп чыгышты.

Лабораторияда адистер препараттын күчүн текшерүү үчүн дарынын бир дозасын кооптуу илдетке чалдыккан клеткага 2 сааттан соң киргизишкен.  Жыйынтыгында, 24 сааттан кийин вирустук рибонуклеин кычкыл саны 93%, ал эми эки суткадан кийин 99% төмөндөгөнү аныкталды.

«48 сааттан кийин бул таасир көзөмөлдөө үлгүлөрү менен салыштырганда ивермектин кайра иштетилген клеткаларда вирусту РНКнын 5000 эсе төмөндөөсү байкалды. Бул препаратты колдонуу бүткүл вирустук материалдын жоголуусуна таасир эте турганын көрсөттү», деп айтылат маалыматта.

Тажрыйба жүргүзүү учурунда  сынама үлгүлөрүнө дарынын уулуу таасири аныктала электигин айта кетүү керек.

Окумуштуулар бул препараттын коронавирус инфекциясынын таралуусу менен күчөөсүнүн жана адамдан-адамга жугуу көрсөткүчүн төмөндөтүүгө чоң себеп болушу мүмкүндүгүн болжолдошууда.

 

Фото:yakutia24.ru​