Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 7ге жетти

Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 7ге жетти

Казакстанда COVID-19дан 7- адам каза тапты. Маалыматка ылайык, каза болгон бейтап Акмола облусунун 1929-жылы туулган жараны болуп саналат.

Аны менен катар өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны да артты. Айта кетсек, Кызылордада жаңы үч учур катталса, Акмола менен Маңгыстоо облустарында бирден учур аныкталган. Муну менен кооптуу илдетти жуктургандардын жалпы саны 709ду түздү. Алардын ичинен 53ү айыкты.

 

Фото: inform.kz