Кытай Казакстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн дарыгерлерин жардамга жиберет

Кытай Казакстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн дарыгерлерин жардамга жиберет

Эртең, чын курандын 9да Нур-Султандын аэропортуна Кытайдын атайын борту келип конот. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Кытай делегациясынын курамында 13 жогорку квалификациялуу дарыгерлер-пульмонология, инфекционисттер жана терапевттер бар. Алардын милдети кесиптештерине консультациялык көмөк көрсөтүү болуп саналат. Атап айтканда, алар өздөрү колдонгон аспаптары менен COVID-19ду алдын алу жана көзөмөлдөө ыкмалары менен тааныштырат. Ошондой эле, обочолонуу эрежелери тууралуу айтып беришет.

Белгилей кетсек, Кытайдын адистери өлкө  Президенти Касым-Жомарт Токаев менен КЭРнын төрагасы Си Цзиньпиндин жалган курандын 24дө телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн алкагында келишет.

Ошондой эле, делегация менен кошо КЭРнан гуманитардык жардамдын экинчи бөлүгү келери күтүлүүдө.

 

Фото: finance.kz