Казакстанда COVID-19ду жуктургандардын саны 704кө жетти

Казакстанда COVID-19ду жуктургандардын саны 704кө жетти

Казакстанда жаңы коронавирус инфекциясын жуктурган 7 учур катталды. Алардын ичинен 3 учур Атырауда болсо, калган 4 Кызылордада аныкталган.

Муну менен Казакстанда коронавирус илдетин жуктургандардын жалпы саны бүгүнкү таңга карата 704кө жетти.

Коронавирус жуктурган учурлар Казакстандын бардык аймактарында катталды. Ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү Нур-Султанда -222 адам. Экинчи орунда Алматы, ал жакта 119 учур. Эң аз катталган Павлодар облусу. Бул жерде коронавируска чалдыккан болгону бир гана учур бар.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө оорудан 51 бейтап расмий түрдө айыгып чыкса, 6 адам каза тапты.

 

Фото: kapital.kz