Казакстанга Бириккен Араб Эмирликтеринен медициналык коргонуу каражаттары жеткирилди

Казакстанга Бириккен Араб Эмирликтеринен медициналык коргонуу каражаттары жеткирилди

Бириккен Араб Эмирликтери бийлигинин чечими менен Казакстанга гуманитардык жардам келип жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

«Биздин өлкөлөрүбүз ортосундагы салттуу жылуу жана достук карым-катнаштардын, ошондой эле коронавирус менен күрөш боюнча биргелешкен күч-аракеттин аркасында БАЭнын бортунда жалпы салмагы 13 тоннаны түзгөн толук медициналык коргонуу каражаттары, медициналык каражаттар, бир жолу колдонуучу колкаптар,  беткаптар, бахилалар, антисептиктер жана башка да керектүү медициналык курал-жабдыктары бар учак келип конду» - деп айтылат КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын тараткан кабарлоосунда.

Айта кетсек, өз ара жардам колун сунуу алкагында Казакстанга буга чейин АКШ, Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Түркия жана Израилден түрдүү жардамдар жеткирилген.

 

Фото: tengrinews.kz