Казакстанда COVID-19 илдетин жуктурган 629 учур катталды

Казакстанда COVID-19 илдетин жуктурган 629 учур катталды

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктурган жаңы 25 учур катталды. Алардын ичинен 19 Акмолада, 6сы Жамбыл облусунда аныкталды. Муну менен өлкө боюнча кооптуу илдетти жуктургандардын жалпы саны 629га жетти.

Тилекке каршы, Казакстандын башкы мамлекеттик дарыгери Айжан Есмагамбетова вирус жуктургандардын ичинен 45 балдар экенин билдирди.

«Бүгүнкү күндө жалпысынан жуктургандардын арасынан 45 балдар. Алардын ичинен 4ү айыкты. Балдардын абалы оор даражадагы жеңил деп бааланууда», - дейт Айжан Есмагамбетова.

 

Фото: tengrinews.kz