Казакстандыктар COVID-19 диагностикасынан онлайн режимде өтө алышат

Казакстандыктар COVID-19 диагностикасынан онлайн режимде өтө алышат

Сизде коронавирус барбы? Бул суроонун жообун эми eGovMobile мобилдүү тиркемесинин жардамы менен билүүгө болот. Казакстанда коронавирус пандемиясын онлайн-диагностикалоо кызматы ишке кошулду. Буга байланыштуу ооруканага бараардан мурун, интернеттен кооптуу вирустун белгилери бар же жогун текшере аласыз.

Аны менен катар, тиркеменин башкы бетинде «COVID-19дун белгилери боюнча анкета» бөлүмү бар. Ал казак, орус, англис тилдеринде жеткиликтүү.

Тургундар бар же жогун негизги 12 суроого жооп берип, кошумча маалымат турган жерин толтуруусу керек. Бардык жооптор КРнын саламаттыкты сактоо министрлигине жиберилет.

Ошондой эле, тиркемеден вирустун өлкөдө таралуу шартын көзөмөлдөөгө, эң көп коюлган суроолордун жообун табууга болот. Бул «FAV o COVID-19» жана «COVID-19 картасы» кызматтарында жайгашкан. Айта кетсек, өлкөдө жуктурган адамдардын саны тууралуу маанилүү жана такталган маалыматтар дарегин көрсөтөт. Ошондой эле, инфекцияга чалдыккандардын ким менен байданышта болгонун да көзөмөлдөөгө болот.

 

Фото: news.kz