Нур-Султан менен Алматыда жумушсуз режими бир жумага узартылды

Нур-Султан менен Алматыда жумушсуз режими бир жумага узартылды

Нур-Султан жана Алматы шаарларында күчүнө кирген жумушсуз режими үстүбүздөгү жылдын чын куран айынын 13үнө чейин узартылды. Бул тууралуу КРнын премьер - Министри Аскар Маминдин төрагалыгы менен КРнын Президенти алдындагы өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссиянын селектордук отурумунда маалым болду деп кабарлайт премьер-министрдин сайты.

Аны менен катар, коронавирус илдетинин таралышын чектөө максатында чын курандын 4ү  кечки саат 21:00 дөн баштап Шымкент шаарында да карантин киргизилет.

Отурумдун жүрүшүндө оорукананын жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында өкмөт башчысы акимдерге инфекциялык, провизордук жана карантиндик обьектилердеги санитардык талаптардын бекем сакталышын камсыздоону тапшырды.

Ошондой эле, отурумда Нур-Султан, Алматы жана Шымкент калааларында тез тургузула турган курулуштардан үч жугуштуу оорулар бейтапканаларын салуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Жыйында Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигине кызыктар мамлекеттик органдар менен биргелешип, өзгөчө кырдаал мезгилинде жеке коргоочу каражаттарын чыгарууга көзөмөлдү камсыздоо боюнча керектүү чараларды кабыл алуу, саламаттык сактоо министрлиги менен акимчиликтерге тиричиликти камсыз кылуу обьектилеринде коопсуздук менен жумуш жасоонун өзүнчө алгоритмин иштеп чыгуу тапшырылды.

Жыйындын жүрүшүндө жумуш менен камсыздоонун жол картасын сапаттуу ишке ашыруу, анын ичинде Нур-Султан, Алматы, Шымкент шаарлары жана башка да аймактарда конкреттүү долбоорлорду тез арада баштоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Буга кошумча, өкмөт башчысы акимдерге бери дегенде 240 миң жумуш ордун түзүүнү, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарлары менен кызматтарынын кеминде 90 пайызын пайдаланууну камсыздооону, ЖКЖЖ алкагында ишке орноштуруу үчүн мобилдүү рекрут пункттарын түзүүнү, жумушсуздарды долбоорлорго электрондук эмгек биржасы аркылуу тартууну тапшырды.

Премьер-министр өзгөчө кырдаал учурунда кирешесинен айрылгандардын төлөм алуу (42 500 теңге) үчүн жарандарга эсеп-кысап ачуу иштерин камсыздоо зарылдыгын атап өттү.

«Билим жана санариптик өнүгүү министрликтерине аралыктан окутуу жараянына мониторинг жүргүзүп, ыкмалык колдоо көрсөтүүнү тапшырам», — деди Аскар Мамин.  

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана аскерий милдеттерди Куралдуу күчтөрдүн аймактык аскерлерин түзүү үчүн атайын  чогулуштарга чакыруу маселелери, ошондой эле, экономиканын секторлорунда өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу өтө жапа чеккендерди кызмат түрлөрүнүн тизмесине киргизүү үчүн керектүү сунуштар каралды. Алар чын курандын 1нен  тогуздун айынынын 1и аралыгында эмгек акы төлөө фондунан салыктар менен башка да милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн бошотулат.

 

Фото: liter.kz