Коронавирус пандемиясы канча убакытка созулат? Эл аралык илимий-изилдөө борборлорунун божомолдору кандай?

Коронавирус пандемиясы канча убакытка созулат? Эл аралык илимий-изилдөө борборлорунун божомолдору кандай?

Коронавирус пандемиясы канча убакытка созулат? COVID-19 канча адамдын өмүрүн алат? Дүйнөнүн беделдүү илимий-изилдөө уюмдары кооптуу илдеттин таралышы боюнча божомол жасашты.

Роберт Кох атындагы немис институтунун адистери коронавирус пандемиясы эки жылга созулушу мүмкүн деген пикирин айтышты. Анда инфекциянын таралуу узактыгы ага каршы вакцинаны ойлоп табуу ылдамдыгына, ошондой эле коронавирусту жуктургандар менен айыгып чыгып, иммунитет пайда болгон адамдарга байланыштуу деп белгиленет.

Австралия окумуштууларынын божомоодору да көңүл сыртында эмес. Алардын айтуусунда, 15-68 миллионго чейин адам коронавирустун курмандыгы болушу мүмкүн. Бул жыйынтыкка келерден мурун, изилдөөчүлөр, инфекция пандемиясынын дүйнөлүк экономикага таасир этүүсүнүн 7 багытын  аташты. Ошентип, серепчилер жыл сайын белгисиз убакыт аралыгында өөрчүгөн пандемиялардын ар бирин изилдеп чыгышты. Мисалы Гонконгдо тумоонун таралуусунан 1 миллионго жакын адам курман болгон. Ал эми «испан»  оорусунан болжол менен 17-50 миллион адам көз жумган. Бүгүнкү дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинен ЖИӨнүн глобалдык чыгашасы 9 триллион долларга жетиши мүмкүн дешет серепчилер.

Күн жылыса коронавирустун таралышы азаят деген божомол да конкреттүү эмес. Анткени вирус жогорку температурада өлө турганын далилдеген изилдөөлөр азырынча жок.

«Түрдүү ооруулардын бардыгы ар кандай. Кээ бирлери кыш башталганда же бүткөндө туу чокусуна жетсе, дагы башка түрлөрү жазында, жайында же күзүндө өөрчүшү мүмкүн. Айрым бир ооруулар аймакка байланыштуу мезгилдик  мүнөзгө ээ. Айрым инфекциялар сезонго карабайт. Ошондуктан SARS-CoV-2 жайында кандай тарала турганын эч аим билбейт», - деп жазылган Америкалык окумуштуулардын өнүктүрүү бирикмесинин журналындагы макаласында.  

Аны менен катар, вирус жылуу жана нымдуу климатта тез таралат. Мисалы,  Африка өлкөлөрүндө жана Сингапурда.

 

Фото: dw.com