Казакстанда коронавирус жуктурган 444 бейтап катталды

Казакстанда коронавирус жуктурган 444 бейтап катталды

Коронавирус илдетин жуктурган дагы 9 адам катталды. Түндүк Казакстан облусунда 3, Атырауда 1, Түркестан облусунда 3, Актөбеде 2 адам.

Ошентип, Нур-Султанда 199 адам, Алматыда 91, Карагандыда 21, Акмолада 19, Атырауда 20, Жамбылда 6, Шымкентте 11, Чыгыш Казакстанда 3, Алматы облусунда 9, Актөбеде 7, Түндүк Казакстанда 14, Павлодарда 1, Маңгыстоодо 1, Кызылорлала 26, Батыш Казакстанда 2, Түркестанда 14, жалпысынан 444 адам катталды.

Бүгүнкү күндө кооптуу инфекциядан 28 казакстандык айыгып чыкты, 3 адам вирустун курмандыгы болду.

 

Фото: prm.ua