USAID коронавирус менен күрөшүүдө Казакстанды колдойт

USAID коронавирус менен күрөшүүдө Казакстанды колдойт

USAID уюуму Казакстанда коронавирус илдети менен күрөшүүгө 365 миллион теңгегинин тегерегинде каржы бөлдү.

Бул акча ири масштабдагы тесттерди жүргүүзү үчүн лаборатория системасын даярдоо, медициналык мекемелерде инфекциялардын алдын алуу жана көзөмөлдөө сыяктуу тармактарга багытталат. Ошондой эле коронавирустук эпидемиялык көзөмөлдү жакшыртуу жана ыкчам чара көрүү, бейтаптарды кабылдоо, мындан сырткары Казакстанда инфекция менен күрөшүү үчүн коомчулукту биргелешкен ишке тартууга жумшалат.

Ошондой эле, каражат эл аралык Кызыл чырым  федерациясы менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюум аркылуу AbtAssociates коомдук уюумуна, Казакстандын Кызыл жарым ай коомуна жиберилет.

«АКШ коронавирус каатчылыгында Казакстандын өкмөтү менен кызматташууну улантып жатат. Биз COVID-19 илдетин тез жайылуусуна жол бербөө боюнча Казастандын тез жана чечкиндүү кадамын жогору баалайбыз. Биз ушундай кыйын кырдаалда транспаренттүүлүктү колдойбуз, анткени эркин маалымат алмашуу бул пандемияны жеңүү жана ден соолук үчүн келечек коркунучтарга тобокелдикти арттыруу үчүн абдан маанилүү», - деп белгилейт АКШнын Казакстандагы элчиси Уильям Мозер.

 

Фото: newizv.ru