Дүйнөлүк спорт карантинде: коронавирустун айынынан кайсы мелдештер тотктотулду

Дүйнөлүк спорт карантинде: коронавирустун айынынан кайсы мелдештер тотктотулду

Коронавирус инфекциясынын пандемиясы спортчулар менен алардын күйөрмандарынын бул жаздагы пландарын айосуз бүлгүнгө учуратты. Федерациялар, клубдар, иш-чаранын уюштуруучулары биринин артынан бири массалык түрдө маанилүү мелдештерди токтотуп же кийинкиге калтырып баштады.

Мисалга алсак, бүгүнкү күндө коронавирус илдети Уимблдон-2020ны токтоткону белгилүү болду. Белгилүү теннис турниринин уюштуруучулары илдеттин айынан мелдешти быйыл өткөрбөө боюнча расмий чечим кабыл алышты. Белгилей кетсек, мындай учур акыркы жолу 75 жыл мурун экинчи дүйнөдүл согуш кезинде болгон.

Бүткүл Англиялык клубдун жетекчиси Яна Хьюиттанын билдирүүсүндө, бул туура чечим. Ушундайча алар аймакта жана анын чегинен тышкары жашаган адамдарга жардам бүүрүнү каалашкан.

Ошондой эле, Швейцарияда боло турган, миллиондогон көрүүчүлөр тарабынан күтүлүп жаткан хоккей боюнча дүйнөлүк мелдеш да жокко чыгарылды.

Футбол дүйнөсү да жабыр тартууда. Бардык улуттук биринчиликтер тыныгууга жиберилди. Анын артынан эле УЕФА кулжа айына чейин пландалган бардык мелдештерди белгисиз мөөнөткө калтырды. Бул деген футбол күйөрмандары үстүбүздөгү жылдын жайындагы УЕФА чемпиондор лигасына күбө боло алышпайт дегенди билдирет.

Ал эми муз үстүүндө бийлөө боюнча чемпионат 2020-жылдын тогуздун айынан кем калбай өткөрүү каралууда.

Спорттун баскетбол түрү да карантинде калды. Эске салсак, НБАнын алдынкы оюнчусу Руди Гоберден коронавирус илдети аныкталган. Бул окуядан кийин НБАдагы быйылкы сезондун мелдештери токтотулду. Коронавирус боюнча оң сыноодон кийин дагы бир жылдыз - Донован Митчелл илдетке кабылды.

Кооптуу илдет Эмираттагы вело жарышта 6 катышуучудан аныкталды. Окуядан кийин Эл аралык велочулар союзу кулжа айына чейин мелдештерди токтотту.

Сонку убакытка чейин "Формула -1" карантинден оолак болду. Бирок ылдамдыкты сүйүүчүлөр да үйлөрүндө калууга мажбур болушту. Чын курандын 17-19 аралыгында Кытайдын Шанхай шаарында өтө турган "Формула-1" авто жарышы боюнча дүйнөлүк чемпионат белгисиз мөөнөткө калтырылды. Мындан тышкары, Нидерланды, Испания жана Монако этаптары жокко чыгарылган.

 

Фото: livesport.ru