КР ССМ: тест тапшырган ар бир 89-адамдан коронавирус аныкталган

КР ССМ: тест тапшырган ар бир 89-адамдан коронавирус аныкталган

Казакстандык адистер коронавирусту аныктоо үчүн ушул күнгө чейин 33 миң тест жүргүзгөн. Жыйынтыгында ар бир 89-адамдан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирус боюнча штабы кабарлады.

Ата мекендик дарыгерлер азырынча диагностиканын бир ыкмасын колдонушууда. Коронавирустук инфекцияны аныктоо үчүн полимераздык ырааттуу реакциялар колдонулат. Бул адамдын мурун, ооз көңдөйүнөн сынама алуу. Жыйынтыгы алты саатта даяр болот. Бул вирусту аныктоонун дүйнөдөгү эң мыкты жолу дешет адистер. Ал эми экспресс-тест системалары  алдыдагы күндөрү алынып келинет.

БАУЫРЖАН ЖҮСИПОВ, КРНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН КОРОНАВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫ БОЮНЧА ШТАБ БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Азыркы учурда бул тест системасын алмаштыра турган башка вариант жок. Эгер биз тесттер тууралуу айта турган болсок, алар антителолорду аныктайт. Алар тийишитүү натыйжаны көрсөтүү үчүн узак убакытты алат.

 

Фото: khabar.kz