Казакстанда коронавирус дагы 3 адамдан аныкталды

Казакстанда коронавирус дагы 3 адамдан аныкталды

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктурган дагы  3 бейтап катталды.  Анын бирөө  Кызылорда облусунда,  дагы бири  Актөбе облусунда, үчүнчүсү  Алматы облусунда. Ушуну менен өлкө  боюнча Covid-19 жуктургандардын  саны 372ге жетти.

3 адам илдеттен каза болуп, 26сы дартынан айыгып чыкты.

Фото: kstnews.kz