Казакстанда 26 адам COVID-19дан айыкты

Казакстанда 26 адам COVID-19дан айыкты

Казакстанда коронавирус илдетинен айыккандардын саны 26га жетти. Алардын арасында 2 жашар бала да бар. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. расмий баракчасында маалымдалды.

«Илдеттен айыккан 26 адамдын 16сы Нур-Султан шаарында, 10у Алматыда»,- деп айтылат кабарлоодо.

Айта кетсек, айыккан бейтаптардын бардыгы 14 күндүк үй карантининде болушат.

 

Фото: kursiv.kz