Казакстанда коронавирус курмандыктарынын саны үчкө жетти

Казакстанда коронавирус курмандыктарынын саны үчкө жетти

Казакстанда коронавирус илдетинен дагы бир адам көз жумуп, курмандыктардын саны үчкө жетти. Ал Караганды облусунда катталды деп айтылат coronavirus2020 сайтында. Азыркы убакытта республика боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 363кө жетти.

Нур-Султан шаары боюнча 184 адам, Алматыда 84, Карагандыда 14, Акмола облусунда 16, Атырауда 16, Жамбыл облусунда 3, Шымкентте 3, Чыгыш Казакстанда 2, Алматы облусунда 8, Актөбеде 3, Түндүк Казакстанда 3, Павлодар менен Маңгыстоодо бирден учур, Кызылордада 18, Батыш Казакстанда 2, Түркестанда 5, жалпы 363 бейтап катталды.

 

Фото: informburo.kz