Казакстанда COVID-19 илдетинин жаңы 11 учуру катталды

Казакстанда COVID-19 илдетинин жаңы 11 учуру катталды

Казакстанда коронавирустун дагы жаңы 11 учуру катталды. COVID-19 илдетин жуктургандардын 10у Кызылорда облусунда аныкталса бир учур Павлодар аймагынан чыкканы белгилүү болду. Мунун баарын кошкондо өлкө боюнча кооптуу илдетке чалдыккандардын саны 336 жетти.

Азырынча Нур-Султан шаары лидер болууда. Бул жерде коркунучтуу инфекция менен 175 бейтап ооруп жатат. Ал эми Алматы облусунда 82 учур катталды. Кызылорда облусунда COVID-19  илдетин жуктургандардын саны 18. Караганды менен Атырауда 10, Алматы облусунда 8, Жамбыл жана Актөбе облустарында 3, Шымкент менен Павлодарда экиден.

Ошондой эле, Чыгыш менен Түндүк Казакстан облустарында жана Маңгыстоо аймагында 1ден коронавирус илдети аныкталган.

 

Фото: rus.ozodi.org