Казакстанда COVID-19дан экинчи адам каза болду

Казакстанда COVID-19дан экинчи адам каза болду

Коронавирус курмандыктарынын саны экөө болду. Жалган курандын 31инде Нур-Султан шаарында 50 жаштагы бейтап каза тапты. Бул тууралуу Нур-Султан шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Сауле Кисыкова чукул брифинде билдирди.

Ал жалган курандын 21инде тез жардам бригадасы менен жеткирилген. Каза болгон адам тез-тез иш сапарлары менен байланышта болгон. Учурда аны менен байланышта болгон үй-бүлө мүчөлөрү менен кесиптештери ооруканага жаткырылды. Алардын жалпы саны 31.  Эки үй-бүлө мүчөсү коронавирусту жуктурганы белгилүү болду. Мындан башка 55 адам жуктурушу мүмкүн делген адамдар үй карантинине алынды.

Ошентип, бүгүнкү күндө өлкө боюнча  COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 325ке жетти, каза тапкандар 2 жана айыккандардын саны 22.

 

Фото: atr.ua