Казакстандын бир нече аймагы карантинге жабылат

Казакстандын бир нече аймагы карантинге жабылат

Жалган курандын 31нен баштап Казакстандын бир нече аймактары карантинге жабылат. Ага карата Акмола облусунда чектөө чаралары бүгүн кечки саат 19.00дөн баштап киргизилет. Бул убакыттан кийин бардык соода-борборлору менен кызмат көрсөтүү жайлары иштерин токтотот. Ошондой эле, транзиттик унаалар, азык-түлүк жана эң керектүү товарларды ташуучу жүк транспортторунан башка бардык унааларга кирүүгө жана чыгууга тыюу салынат.

Алматы облусунда да чектөө чаралары күчөтүлөт. Мында автобекет, аэропорттор, тамактануу жайлары жана башка да уюмдардын иши токтотулат. Азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканалардын иштөө убактысы  08.00-дөн 20.00-гө чейин, банктар, почта байланышы жана жеке нотариус кызматтары - 10.00-дөн 16.00-гө чейин чектелет. Аны менен катар бүгүн түнкү 21:00дөн баштап Шымкентте кошумча чектөө чаралары киргизилет. Бул тууралуу калаа акими Мурат Айтенов видео кайрылуусунда билдирди. Эми транспортторго шаардан чыгууга жана кирүүгө тыюу салынат. Ошондой эле Шымкент тургундарына беткап кийип жүрүүгө милденттендирилет.  

Ал эми Жамбыл облусунда ири соода-жайлары толугу менен жумушун токтотту. Мында айрым соода түйүндөрү гана саат 17:00гө чейин ачык болот.

Түндүк Казакстан облусунда чектөө чаралары чын курандын биринен баштап киргизилет. Ага ылайык, Петропавл шаары чек арасына блокпосттор коюлду. Жергиликтүү тургундарга себепсиз көчөдө жүрүүгө болбойт.

Павлодар облусунда да чын курандын биринен баштап кошумча коопсуздук чаралары колго алынат. Ошентип, саат 00:00 дөн баштап облус аймактары боюнча 9 блокпост коюлат. Ар бир транспорт каражаты чек аралаш облустарга, облустардан жүргүнчүлөрдү ташууга облус ичиндеги калктуу -конуштар ортосунда ар кандай  транспорт түрү менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынат. 22.00 дөн кийин тургундардын үйүнөн чыгуусуна чектөө коюлат.  

 

Фото: ibirzha.kz