Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 325ке жетти

Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 325ке жетти

Казакстанда коронавирус жуктурган жаңы 17 учур катталды.

Атап айтканда, COVID-19 илдетин жуктурган эки бейтап Нур-Султан шаарында, Алматыда 9, Кызылордада 3, Атырау, Актөбе, Түндүк Казакстан облустарында бирден учур аныкталган.  Муну менен Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 325ке жетти. Белгилей кетсек, республикада бир адам вирустун курмандыгы болсо, 22 адам илдеттен айыккан.

 

Фото: express-k.kz